Кыз-келиндерди көп пайдаланам. Бул адатымдан кантип арылсам болот?
Мен альфонсмун. Аялдардын же кыздардын акчасын көп пайдаланам. Антпейин десем да болбойт. Өзүм деле түшүнбөй калам. Карасам эле алардын акчасын пайдаланып жаткан болом. Ушул адаттан кантип арылсам болот? Жооп бериңизчи.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатчылык!
Биринчи эле кезекте эмне үчүн бул адатымды өзгөртүүм керек деген суроого жооп бериңиз. Мисалы: бактылуу болуу, үй-бүлө куруу, өз алдынча ийгиликке жетишүү болшу мүмкүн. Себеби, мотив жок адатты да өзгөртүү мүмкүн эмес .
Андан сырткары, кыздарды, аялдарды алдап, пайдаланып жатканда өзүңүздү кандай сезесиз? Балким алдоо аркылуу өзүңүзгө жетигпеген ишенимдүүлүк, күчтүүлүк сезимдерин толуктоого аракет кылып жатасыз.
Мындай учурда психологго барып, толук түрдө терапиядан өтүүңүздү сунуштайт элем.
Сизге ийгилик каалаймын!
Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.