Боюм кыска, модель боло аламбы?
Саламатсызбы! Мен модель болгум келет. Эмнеден баштасам болот? Бирок, боюм кыска. Модель болуу кичинемден бери кыялым. Мага кеңеш алып бериңиздерчи.
Бегимай Жаныбекова
Модель
Саламатсызбы! Азыркы учурда модель болуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Эгер каржы жаатында көйгөйлөрүңүз жок болсо, атайын агенттиктерге кайрылсаңыз болот. Өз алдынча аракет кылам десеңиз, ошол эле, кийим саткан дүкөндөр менен иштешиңиз. Албетте, башында бекер тартылып берсеңиз, кийин тажрыйба топтоп алып, акы ала баштайсыз. Ооба, подуимда басып, көргөзмөлөргө катышуу үчүн бойго карашат. Бирок, фотомодель деген нерсе дагы бар, бул жерде бой эмес, сиздин индивидуалдуулугуңуз бааланат. Мурда стандартуу жүздөргө карашчу, азыр тескерисинче, өзгөчө өң-келбет бааланат. Аракет кыла бериңиз, сөзсүз кыялыңызга жетесиз.