// //

Бул 5 белги туура эмес бюстгальтер сатып алганыңызды билдирет

2023.01.12, 10:00
5190

Бюстгальтер сатып алып жатканда өтө кылдат болуңуз. Анткени, туура эмесин тандап алсаңыз, ден соолугуңуз үчүн өтө кооптуу. Айталы, эмчек рагын пайда кылышы мүмкүн. Эгер бул белгилердин бирөөсү сизге тааныш болсо, демек, ич кийимиңизди алмаштырууга убакыт келди.

Мойнуңуз ооруйт

Моюндун жана омурткалардын оорушу көбүнчө төшү чоң айымдарда байкалат. Бюстгальтер туура эмес тандалгандыктан, төштү жакшы кармабайт. Анын кесепетинен бел, моюн, далы жана омурткалар ооруйт. 

Төшүңүз кысылат

Өтө тар бюстгальтер кийип алсаңыз, төшүңүздө ар дайым ыңгайсыздык болот. Төшүңүз лифчиктин чөйчөктөрүнөн сыртка чыгып, колтук жагыңыз кысылып, оорутуп кыжалат кылат. Бул абдан зыян экенин билиңиз.

Үрпү сезгенет

Төштүн үрпүнүн териси өтө сезимтал келет. Эгер ич кийим тар же өтө чоң болсо, анда анын айланасы кызарып, сезгенет. 

"Растяжки" пайда болот

Эгерде бюстгальтер туура эмес болсо, анда ал төштү жакшы кармабайт. Жыйынтыгында "растяжки" пайда болот. Өзгөчө үчүнчү, төртүнчү жана  бешинчи өлчөмдөгү төштөр үчүн кооптуу. 

Баш оору

Баш оорунун бир себеби болушу мүмкүн. Анткени туура эмес тандалган бюстгальтер булчуңдардын тонусуна алып келет, натыйжада баш ооруйт.

Эсиңизде болсун! Туура тандалган бюстгальтер “косточкасы” жок, кебезден тигилген, тыкыс эмес ыңгайлуу болот!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт