Эгер бул белгилер тааныш болсо, анда сизге витамин D жетишпейт
2023.01.11, 14:00
4787
Кышында кыргызстандыктарга D витамини жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери эскертишти. Анын жетишсиздиги сөөктөрдөн кальций менен фосфорду кетирип салат. Витаминдин жетишсиздиги баланын жашоосунун биринчи жылында, сөөк тканынын тез өсүшү байкалганда өзгөчө коркунучтуу.
Күн сайын 50 жашка чейин адамга 600-800 МЕ (15-20 микрограмм) витамин D керек.
Витамин жетишсиздигинин белгилери:
- алсыздык;
- баш оору жана булчуң ооруу;
- аппетит жоготуу;
- тамак күйүп жаткандай сезим;
- уйкусуздук;
- көрүүнүн начарлоосу;
- эс тутумдун начарлоосу;
- остеопороз;
- тиш эмалынын бузулушу.
Кышында D витаминин кайдан тапса болот?
- кызыл жана майлуу деңиз балыгы, анын боору (айрыкча тресканын боору);
- кара жана кызыл икра;
- сүт азыктары: май, сүт, сыр;
- козу карындар (лисички, сморчки, вешенки);
- уйдун жана койдун боору;
- тоок жумурткалары.
Сиз витамина D ичесизби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.