// //

Жашоомду дүйшөмбүдөн баштап өзгөртөм дегендерге кеңеш

2023.01.10, 13:22
1919

Ололо коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев эртеңден баштап жаңы жашоо баштайм дегендерге кеңеш берди.  Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

"Жашоомду дүйшөмбүдөн баштап өзгөртөм" деген нерсе анчейин деле иштебей турганын байкасаңыз керек. Айталы, жасалган жүз аракеттин бирөөсү гана жаңы адатты пайда кылышы мүмкүн.

Мен бир нерсени өзгөртүүнү чечкенде, сырткы чөйрөмдү өзгөртүүдөн баштаган убакта ийгиликке көбүрөөк жете аларымды байкадым. Кандайдыр бир сапатка ээ болгум келсе, ошондой сапаттары бар адамдарды жашоомо алып келем. Мындайча айтканда, биздин баалуулуктар чөйрөбүздөн көз каранды. 

Кээде, чөйрөдөн көз каранды эмеспиз деп, өзүбүздү күчтүү, эркин сезгендей сыяктанабыз. Жакындарыбыз бизге бир нерселерди тастыктагысы келсе, аларга каршылык көрсөтүп, айткандарын тескерисинче аткарабыз. Бирок, бизге айтылган нерселерди тескерисинче жасоо да - бул көзкарандылык. Сизге карата айтылган нерселерди өзүңүз билгендей жасаган учурда дагы, сизге мындай кыл деп айткан адамдардан көз карандысыз: алардын жактыруусунун же жактырбашын каалайсыз. Ошондуктан, чөйрөбүздү толугу менен этибарга албай кое албайбыз. 

Мага бул эреже жакшы жардам берет: убакыттын өтүшү менен сен көбүрөөк убакыт өткөргөн 5 адамдын ортосундагы бир нерсеге айланасың. Ошон үчүн айланамды мага бир нерсе үйрөтө ала турган 5 адам менен курчоого аракет кылам. Алар мага толугу менен жакпашы мүмкүн, мындай боло турган болсо анда мага окшош болуп калышат. 

Айланамды курчаган, көбүрөк баарлашкым келе турган адамдар ар дайым мени бир сыноого алып барган, талашып-тартыша ала тургандай болушу керек. Бул нерсе өз кезегинде өзүмдү өзгөртүүгө жардам берет. Кыскасы, өзгөргүң келеби, алгач чөйрөңдү өзгөрт. Чөйрө бул туугандар гана эмес, кесиптештериң, досторуң, корооңдогу адамдар ж.б. 

Чөйрөңүз менен эксперимент жасап, жыйынтыгы менен бөлүшүңүз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт