Жатканда кекиртегим менен жүрөгүм катуу согот. Бул зобтун белгисиби?
2023.01.09, 14:57
2134
Саламатсызбы! Жатканда кекиртегим менен жүрөгүм катуу согот. Бул зобтун белгисиби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.01.2023, 14:57
Чолпон Муратова
Эндокринолог
Саламатсызбы! Эгерде калкан бези аябай эле чоңоюп кеткен болсо, бул нерсе сыртынан эле билинет. Мисалы, тамакты жутканда деле сырттан көрүнүп турат. Эгер калкан безинин көлөмү 40 милилитрден чоңоюп кеткен болсо, жаткан абалда тамакту бууп, дем алуугу тоскол болушу мүмкүн. Зоб же зоб эмеспи деп жүрө бербестен, УЗИ жасатып коюңуз. Себеби кээде стресс болгондо тамактагы булчуңдар кысылып кала да, ал жерде бир нерсе тургандай сезиле берет.
0
Пайдалуу жооп