// //

Бул 4 фильм жаңы жылда жашоону өзгөртүүгө жардам берет

2023.01.02, 15:36
2975

Оливье түгөндү, салюттар атылып бүттү, белектердин баары берилди. Эми жаңы жылда жаңы жашоо баштайм дегендерге кезек келди. Бирок, чыгына албай жатасызбы? Анда бул фильмдерди көрүңүз.

"Дикая"

Бактылуу үй-бүлөсү бузулду, сүйүктүү апасы каза болду, окшош күндөр тажатты ж.б. Шерил эч кандай даярдыксыз эң татаал жолдордун бири менен жөө, бирөөнүн жардамы жок тоого чыгууну чечет. Бул саякаттан тирүү келеби же жокпу?

"Лев"

Индиянын жакыр шаарчасында бактылуу үй-бүлө жашайт. Алардын такыр акчасы жок эле, бирок алар бактылуу болчу. Тактап айтканда, Саро деген кичүү уулу  адашып калган учурга чейин.

"Дыши ради нас"

Робин бал айында сүйүктүүсү менен жүрүп, кокустан катуу ооруп калат. Дарыгерлер бул диагноз менен калган күнүн ооруканын төшөгүндө өткөрө аларын айтышат. Жаңы үйлөнгөн жубайлар бул жагдайга макул эмес жана алардын жакынкы келечектеги пландары таптакыр башка болчу!

"В диких условиях"

Кристофердин ата-энеси уулуна колледжди аяктаганынын урматына сюрприз даярдашат. Алар анын окуусун бүткөнүнө чын жүрөктөн сүйүнүп, карьерасы кандай болорун пландай башташат. Бирок жигиттин бул боюнча өзүнүн пландары бар эле. Бир күнү ал үйүнөн качып кетет.

А сиз буларды көрдүңүз беле?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт