// //

Жаңы жылда күйөөм ээрчитип келген Аяз кыз ким экенин билип таңкалдым

2022.12.30, 13:40
23475

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул окуя былтыр болгон. Азыр мандарин жууп жатып эсиме келип кетти. Силер менен бөлүшүп коюну чечтим. 

Өткөн жыл бир топ кыйын болду. Дүкөнүбүз өрттөндү, уулум менен келиним жол кырсыгына учурады. Анан ажырашып кетишти. Неберем эле кыйналды.

Уулум келиним кеткенден бери ойлуу. Жүдөп да кетти. Достору менен көп жолугуп иче турган адат тапты. Барып кечирим сурап кел десек болбойт. Эмне болгонун билбейм. Эч качан экөөнүн ортосуна аралашкан эмесмин. Аралашпайм дагы. Неберемди сагындым.

Күйөөм да башкача. Колунан телефон түшпөйт. Мен кире калсам сүйлөшүп жаткан жеринен өчүрө калат. Карыганда бирөөнү таптыбы деп ойлой баштадым. 

Жаңы жыл. Маанай жок. Күйөөм дагы кечикти. Уулум кино көрүп отурат. Дасторконду толтура кылып даярдагам. Бирок, маанай жок болсо, тамактар деле калып калат экен.

Күйөөм Аяз кызды ээрчитип кирип келди. Мына сага... Баарыбыз карап туруп калдык. Бир маалда неберем чуркап кирди. "Чоң апа!" Садагаң болоюндар, келиним тура... Уулум экөө кучакташып калышты. Мына сага жаңы жыл. 

Көрсө, күйөөм келини менен сүйлөшүп, уулумдун бүлөсүн сактап калган тура.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт