// //

Аяз ата кошуна байке экенин билип ыйлагам. Бөбөктөр ой бөлүшөт

2022.12.30, 12:33
1707

Салам, достор! Бүгүн биз Аяз атага кантип ишенбей калганын айтып берген бөбөктөрдүн баяны менен бөлүшөбүз. А сизде кандай болгонун комментарийге жазыңыз. 

Кошуна байке

Атам Аяз ата келгенин айтып, тосуп келейин деп чыгып кетти. Мен барам десем болбой койду. Акырын артынан чыктым. Кошуна байке дарбазанын түбүндө туруп алып Аяз атанын чапанын кийип жатыптыр. Бакырып ыйлагам. Баары күлүштү. Кечинде ал кошуна байке чапанын чечип койбой, биздин үйдө тамак жеп отурду. 

Апам экен

Апам мага куурчак берди. Аны Аяз ата берип жибергенин айтты. Ырдайт экен. Чукулап отуруп бузулап алдым. Апам урушту, канча сом экенин айтты. Мен муну Аяз ата берди десем, "жок, Аяз ата, мен алдым" деп бакырып алды. Ошентип Аяз ата жок экенин билдим. 

Жашыл кеда

Мектеп. Мен анда экинчи класс болчум. Аяз ата келди. Баарыбыз айланып жатканбыз. Мен Аяз атанын колун кармап тургам. Кокустан бутун басып алдым. Карасам жашыл кедачан экен. Дене тарбия агай экенин ошондо билдим. Ыйлагам. 

Сизде кандай болгон?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт