// //

Психолог балдар качан Аяз атага ишенбей каларын айтып берди

2022.12.29, 15:00
923

Салам, достор! Москва Психоанализ Институтунун Педагогикалык психология бөлүмүнүн башчысы, психология илимдеринин доктору профессор Любовь Григорович балдар качан Аяз атага ишенбей каларын айтып берди.

- Салт боюнча балдар үч жаштан жети жашка чейин Аяз атага ишенишет жана бул ишеним мектепке барарда бала бакча менен кошо артта калат. 

-Аяз ата балдарды тарбиялоодо жакшы жардамчы боло алат. Эң негизгиси, Аяз ата бар же жок деген ишенимди эч качан балага таңуулабаш керек. Убагы келгенде ал чындыгында жок экенин бала өзү билип алат. 

- Көпчүлүк балдар Аяз атага өз алдынча эле ишене башташат жана ишенбей калышат, бул чынбы деп ата-энесинен бир ооз гана сурашат.

- Көпчүлүк адамдар үчүн Аяз ата балалык, керемет жана белектерди күтүү менен байланышкан позитив тартуулаган персонаж. Мындан тышкары, Аяз ата дагы маданий феномен, жаңылануунун символу, майрам, белек алуу мүмкүнчүлүгү. Бул жерде олуттуу эч нерсе жок.

А сиз Аяз атага канча жашка чейин ишенгенсиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт