// //

Жаңы жылда көп тамак жеп, ден соолукка зыян келтирбеш үчүн 7 кеңеш

2022.12.29, 14:39
1437

Салам, достор! Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Марина Дуйшенкулова жаңы жылда көп тамак жеп алып, ден соолукка олуттуу зыян келтирбеш үчүн кандай эрежелерди эске алуу керектигин айтып берди. 

  • Дасторкондогу бардык тамактарды жей берүү ашказанга гана эмес, бөйрөк, боор, жүрөк жана башка органдарга чоң басым берет. Организмиңизди кыйнабаңыз, жыйынтыгы олуттуу кесепеттерге алып келет.
  • Бир отурганда эле тое жеп албаңыз, акырындан баштаңыз.
  • Организмдеги суу балансына көз салыңыз. 1 килограммга  30 мл суу керектелет. Бул сумманы өз массаңызга көбөйтөсүз. Ошондо күнүнө канча суу ичүү керектиги билинет.
  • Дасторконго отурганда жеңил тамактардан баштаңыз: салат, йогурт ж.б.
  • Эт жана майлуу азыктарды көп жебеңиз.
  • Кечки тамакты түнгө калтырбай кечки саат 6 же 8дерде жеңиз. Түндө жаңы жыл кирип келгенде жеңил тамактарды жеңиз.
  • Тез бузулуучу азыктарды көпкө сактабыңыз. Муздаткычка салган күндө дагы бир күндөн кийин эле бузулуп калышы мүмкүн экенин эске алыңыз. Андан тышкары майонезди салатты жеп баштай турганда кошуңуз. Алдын ала кошуп даярдап койбоңуз.

Ден соолук биринчи орунда экенин унутпаңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт