Жаңы жылда көп тамак жеп, ден соолукка зыян келтирбеш үчүн 7 кеңеш
2022.12.29, 14:39
1553
Салам, достор! Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Марина Дуйшенкулова жаңы жылда көп тамак жеп алып, ден соолукка олуттуу зыян келтирбеш үчүн кандай эрежелерди эске алуу керектигин айтып берди.
- Дасторкондогу бардык тамактарды жей берүү ашказанга гана эмес, бөйрөк, боор, жүрөк жана башка органдарга чоң басым берет. Организмиңизди кыйнабаңыз, жыйынтыгы олуттуу кесепеттерге алып келет.
- Бир отурганда эле тое жеп албаңыз, акырындан баштаңыз.
- Организмдеги суу балансына көз салыңыз. 1 килограммга 30 мл суу керектелет. Бул сумманы өз массаңызга көбөйтөсүз. Ошондо күнүнө канча суу ичүү керектиги билинет.
- Дасторконго отурганда жеңил тамактардан баштаңыз: салат, йогурт ж.б.
- Эт жана майлуу азыктарды көп жебеңиз.
- Кечки тамакты түнгө калтырбай кечки саат 6 же 8дерде жеңиз. Түндө жаңы жыл кирип келгенде жеңил тамактарды жеңиз.
- Тез бузулуучу азыктарды көпкө сактабыңыз. Муздаткычка салган күндө дагы бир күндөн кийин эле бузулуп калышы мүмкүн экенин эске алыңыз. Андан тышкары майонезди салатты жеп баштай турганда кошуңуз. Алдын ала кошуп даярдап койбоңуз.
Ден соолук биринчи орунда экенин унутпаңыз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.