АКШга кантип виза алсам болот?
Исабек Асанбаев
ЮНИСЕФ кызматкери
АКШга виза алуу маселеси боюнча АКШ элчилигине кайрыласыз. Америкага кетүү абдан кыйын. Себеби виза баарына берилбейт. Мага 3 жолу баш тартышкан. Баарынан оңою университеттен толук стипендия утуп алып, студенттик виза алуу. Жумуш визасын алуу үчүн сиз АКШнын бир окуу жайын бүтүрүп, жумуш берчү ишкана таап, алар сизге виза ачып бериши керек. Жаштарга туристтик виза дагы жөн берилбейт. Бул визаны көбүнчө материалдык жактан абалы жакшы болгон улуу муундар алышат. АКШнын жарандыгын алуу абдан оор процесс. Эң оңой жолу Американын жараны менен баш кошуу. Анда дагы жарандыкты 5 жылдан кийин ала аласыз. Саясий куугунтук жасап, штатта калып калган көп тааныштарым бар. Бул үчүн өз ишин мыкты билген адвокат жалдаш керек. Ал сиздин жагдайыңызды иликтеп чыгып, ылайыктуу тарых ойлоп таап, саясий кугунтук менен калууга жардам берет. Мындай адвокаттар 10,000-20,000 доллар турат. Дагы бир жолу ар бир жылдын октябрь айында элчиликке жашыл карта алууга арыз жазып, майга чейин жообун күтүү.
Виза алуу үчүн маектешүү абдан маанилүү. Маектештешүүгө кезек келгенде эч качан толкунданбаш керек. Ишенимдүү жооп берип, берилүүчү суроолорго даяр болуңуздар. Интернеттен кандай суроолор берилээрине көз жүгүртүп чыксаңыз болот. Күн мурун күзгү алдында бир сыйра даярданып алыңыз. Берген жоопторуңуз сиздин пайдаңызга чечилгендей болсун. Өз өлкөңүзгө байланган жаран экениңизди, үй-бүлөңүз, байлык, мүлктөрүңүз аркылуу көрсөтүшүңүз зарыл. Башкача айтканда АКШга иммиграция жасабай тургандыгыңызды далилдеп бересиз.