Бул 3 кеңешти эске алсаңыз, жаңы жылда көп акчаңыз кетпейт
Салам, достор! Беш күндөн кийин жаңы жыл кирип келет. Майрамды жакшылап тосуу үчун, баары базарлап белек алып жүрүшөт. Бул учурда ашыкча чыгым болбой коюу мүмкүн эмес. Ошентсе дагы, "Айыл Банктын" кызматкери Адилет Байбориев акча үнөмдөп калса болорун айтып берди. Болгону үч кеңешти эске алуу керек.
Тизме түзүү
Дүкөнгө же базарга барардан мурун тизме түзүп, акчаны бөлүштүрүп, ошол тизмеден чыкпаш керек. Көпчүлүк тизмени виртуалдуу кылып, тактап айтканда акылына эле түйүп алат. Бул чоң жаңылыштык. Дүкөндүн текчесинде бизди азгырган нерселер көп. Аларга туруштук берүү абдан кыйын. Ал эми тизме бул учурда бир тосмо болот.
Белектерди күзүндө алуу
Бул сонун ыкма. Белектерди алдын ала алуу менен сиз жаңы жылга аз калганда тыгынга калып дүкөн кыдырбайсыз. Нерв болбойсуз. Элдер шашып жүргөндө, үйдө жайбаракат жатып, акчаңызды үнөмдөйсүз.
Күтүлбөгөн чыгымдарга акча бөлүү
Сөзсүз түрдө кошумча акча алып коюңуз. Өзүңүз билгендей азыр баалар туруктуу эмес. Сиз 100 сомго алам деген белек, эртең 150 сом болуп калышы мүмкүне. Андыктан, эсептеп жатканда бир аз чыгым ашырып эсептеңиз.
А сизде кандай ыкма бар?