// //

Ичимдикке ууланып калгыңыз келбесе, бул кеңештерди эске алыңыз

2022.12.22, 17:58
3661

Ар кандай ичимдиктер - организм үчүн зыяндуу жана уулуу зат болуп саналат, ар бир ичилген стакан организмди чоң стресске дуушар кылат. Алкоголдук ичимдиктерге уланбаш үчүн алдын алуучу мыкты чара, андан толугу менен баш тартуу. Бирок, азырынча алкоголдук ичимдиктерден толугу менен баш тарта албай жатсаңыз, анда улануу коркунучун азайтууга жардам бере турган чаралар бар. 

- Спирт ичимдиктерин ченеми менен ичүү, спирттин жеке дозасынан ашпоого.

- Ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр ооруларында, психикалык бузулууларда спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт.

- Дары-дармектерди (антидепрессанттар, уктатуучу таблеткалар, ооруну басаңдатуучу ж.б.) кабыл алууда спирт ичимдиктерин ичпеңиз.

- Ач карын жана газдалган суусундуктар менен ичпеңиз;

- Бир стакан ичкенден кийин бир нерсе жеңиз, лимон жеген жакшы, С витамини алкоголдун метаболизмин тездетет. 

- Ар кандай алкоголдук ичимдиктерди аралаштырбаңыз.

- Жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичпеңиз. Алкоголдук ичимдиктерди сатып алууда продукциянын коопсуздугун жана сапатын тастыктаган документтерди талап кылыңыз.

Алкоголдук ичимдиктерди 16 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга жана унаа айдаган адамдарга колдонууга катуу тыюу салынат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт