// //

Лыжа тепкени бараткандарга травматолог кеңеш берет

2022.12.20, 17:30
1175

Салам, достор! Жаңы жылдык каникулдар келе жатат. Демек, лыжа тепкени барабыз деп камдангандар көбөйдү. Алгач травматолог-ортопед Адилет Молдакуновдун кеңештерин кулакка илип алыңыз. Болбосо, кулап түшкөндө чоң жаракат алып калышыңыз мүмкүн. 

- Биринчиден, лыжаны, ага керектүү болгон бардык жабдууларды, кийимдерди туура тандоо керек. Мисалы, лыжа базасында джинсычан же жөнөкөй эле  узун курткачан лыжа тээп жүргөндөрдү көрүүгө болот, бирок бул туура эмес. Жадакалса бут кийим дагы туура өлчөмдө болушу керек.
 
- Туура машыгуу, анткени кээ бирлери өздөрү барып туура эмес үйрөнүп алышат, же бир аз үйрөнгөндөр эле башкаларга үйрөтөт. Туура жыгылуунун ыкмалары дагы бар, аны кесипкөйлөрдөн же атайын ошол жердеги инструктордон үйрөнүү керек. 

- Эң чоң жаңылыштык, жыгылгандар дароо бутуна турууга аракет кылышат. Тагыраак айтканда, шок абалында алар жөн эле бутуна туруп албастан, тепкенди улантышат. Симптомдор эки-үч сааттан кийин пайда болот: шишик, көгөрөт Андыктан лыжа тээп баратып жыгылсаңыз, турууга шашпаңыз. Кырдаалды жакшылап баалоо керек. Бутуңузду ары-бери жылдырып көрүңүз, эгерде оорубаса, туруп түшүп кете аласыз. Ооруган жок деп койбостон, сөзсүз түрдө тез жардам көрсөтүүчү жайга барышыңыз керек.

- Медициналык текшерүүдөн өтө маанилүү. Анткени, мындай учурлар болот, эгерде байламталар же мениска жаракат алса, оорутуу дароо эмес, бир топ убакыттан кийин гана пайда болот. Көптөгөн адамдар байламталары жаракат алса дагы, аны жылдар бою байкабай басып жүрө беришет. Себеби белгилер дароо билинбейт. Андыктан, дарыгерге кайрылып, туура диагноз коюп, дарылоону баштоо керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт