// //

Көкүрөк ооруганда бул биринчи жардамды көрсөтүңүз

2022.12.17, 12:49
891

Салам, достор! Кокустан жаныңыздагы жакыныңыз же бейтааныш эле бирөө көкүрөгүн мыкчып, катуу ооруп жатканын айтып калды дейли. Өзүңүздү жоготпостон, тез жардам келгиче, бул биринчи жардамды көрсөтүп турсаңыз, өмүрүн сактап калышыңыз мүмкүн. 

Эгерде адамдын көкүрөгү бирөө басып жаткандай болуп, катуу кысылып ооруса, бул белгилер коркуу сезими, кусуу, жүрөк айлануу менне коштолсо, анда бул анын өмүрү үчүн коркунучтуу. Бул инфарктка чейинки абалды, инфарктты, тромбдун үзүлүшүн ж.б. билдириши мүмкүн.  Мындай учурларда, жүрөктүн токтоп калуу коркунучу жогору.

1. Оорулууга физикалык жана психикалык эс алууну камсыз кылыңыз (жаткырып  же отургузуңуз), ал кыймылдабашы керек.

2. Дем алуусун жеңилдетиңиз: жакасын, топчуларын, галстукту чечип, терезени, ачыңыз.

3. Тез жардам келгенге чейин бейтапты тынчтандырыңыз. Уюган кандын пайда болушуна жол бербөө үчүн бейтапка жарым таблетка аспирин бериңиз (эгерде аспиринге аллергия жана кан агуу жок болсо).

4. Жүрөктүн кан тамырларын кеңейтип, ооруну басаңдатуу үчүн тилдин астына нитроглицерин таблеткасын же изокет спрейин бериңиз.

5. Оору улана берсе, бул дары-дармектер ар бир 5 мүнөт сайын үч жолу берилиши мүмкүн. Бул дарыларды 100 мм аз  кан басымда бербеңиз. 

6. Зарыл болсо жүрөк-өпкө реанимациясын баштаңыз. Бейтапты өзүңүз же  тез жардам аркылуу ооруканага алып барыңыз.

Тез жардам көрсөткөн учурларыңыз болду беле?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт