// //

Өзүмдү "уродка" деп ойлогонума өкүнөм. Өспүрүм кыздар ой бөлүшөт

2022.12.13, 10:29
2613

"Бутум кыйшык", "мурдум сепкил", "безеткилерим көп", "чачым суюк", "сулуу эмесмин" ж.б. Окуучулук кезиңизде өзүңүздү ушинтип жемелечү белеңиз? Күзгүгө карангандан качып, журналдагы моделге эмнеге окшош эмес экениңизди айтып ыйлаган күндөрдү кошпой эле коелу. Бүгүн биздин өсүпүрүм окурмандарыбыз, кантип өздөрүн кабыл алганды үйрөнгөнүн айтып беришет. 

"Джинсыга зар болдум"

Классыбызда бир сатуучунун кызы бар. Эң жакшы кийингени ошол. Эртең менен сабакка баратып бүгүн эмне кийип келет экен деп ойлойм. Жаңы шым же жемпир болсо, кадимкидей жаман болом. Анткени анын жанында меники эски, жаман, бүрдөп кеткен. Бир жолу джинсы кийип келди. Ушундай сонун, аябай алгым келди. Анын жанында өзүмдү басынтып, кедей сезе берчүмүн. Бирок, апамда акча жок экенин билдим. Ошол джинсыга зар болдум. Билбейм, мен бара-бара кийимге көңүл деле бурбай калдым. Ал кызда кымбат кийимден башка эч нерсе жок экенин түшүндүм. Мен жакшы окуйм, досторум көп, апам мени жакшы көрөт. Ушуну түшүндүм. 

"Блогерлерге катталбай калдым"

Инстаграмга кирген сайын маанайым түшчү. Бул нерсе бетиме безетки чыга баштаганда күчөдү. Эмнеге менин бетим башкалардай таза эмес деп ыйлайм. Өзүмдү "уродка" деп урушам. Апам урушат, бул нерсе кетет деп айтат. А мен ишенбейм. Башка классташ кыздарым дагы боенуп, чоң кыздардай болуп жүрүшөт. А мен боенгонду билбейм. Бир күнү инстаграмга кирип туруп, жанагы катталган бардык блогерлерден чыгып кеттим. Анан өзүмө окшогон жөнөкөй адамдарга катталдым. Ошондо гана безетки кете турганын билдим. Азыр күзгүгө каранып, өзүмдү мактап турам. 

"Арыктай албай кыйналат элем"

Мен башында арык эле кыз болчум. Анан эле толо баштадым. Кийимдерим батпай, эжемдикин кие баштадым. Апам врачка алып барды, гормондон экенин айтты. Мен болсо, күн сайын ар кайсы диеталарды колдоном, канча күн ачка уктадым. Бирок, кайра эле тамак жеп алам же кармаган диетам жардам бербейт. Акыры диета кармагандан, өзүмдү кыйнап ачка жүргөндөн тажап кеттим. Өзүмдү кабыл алдым. Каалаган тамагымды жейм, досторум менен жолугам. Бир күнү шымымдын экинчи топчусу топчуланып калганын билдим.  

Өспүрум куракта сиз өзүңүздү кантип жемелейт элеңиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт