// //

Айтматовдун гүл жегенин билбесеңиз, бул фактыларды окуп чыгыңыз

2022.12.12, 11:40
7306

Салам, достор! Бүгүн, 12-декабрда кыргыз элинин эң белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулганына 94 жыл толду. Анын урматына биз кызыктуу факттарды топтоп чыктык. 

Гүл жеп алган

Бир жолу атайын уюштурулган кечеге барат. Ал жерден гүлдөр менен кооздолгон япондордун тамагы берилет. Айтматов гүлдөр тамак салынган идиште болгондуктан, алар жегенге жарайт деп ойлоп, аны жеп алат. Анан жанында отургандар бул жөн гана жасалга экенин шыбырап айтышат.

Трактористтин жардамчысы болгон

Согуш жылдарында Чыңгыз Айтматов ар кайсы тармакта иштеген. Ал ммезгил 1942-жылдарга туура келет. Мугалимден баштап комбайн айдагандардын, трактористтердин жардамчысы болгон.

Башында чыгарма эмес ыр жазган

Айтматов алгач чыгарма эмес ырларды жазчу. Бул талантын мугалимдери байкап калып чыгарма жазууну сунушташат. Ошентип атактуулукка жол башталат. 

Шпион деп ойлошкон

Ал Гатчинада жүргөндө, мейманканада жашаган. Көп өтпөй аны бирөөлөр артынан аңдый башташат. Көрсө, советтик контрчалгынчылар аны япониялык тыңчы деп жаңылып алышкан экен.

Кагаздын чаңына аллергиясы болгон

Чыңгыз Айтматовдун кагаз чаңына аллергиясы болгон. Эски гезит-кагаздарды барактап жатканда аябай кыйнаат эле. Эгер алардын үстүндө чаң болсо, билектери кызарып, кычышып кетчү.
А сиз кандай маалымат билесиз?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт