8 жашар кызым операциядан кийин көз жумду. Врачтын үстүнөн арыз жазсам болобу?
2022.12.09, 18:29
8335
Саламатсыздарбы! Жакында мен оор жоготууга туш болдум. 8 жашар кызымдан айрылып калдым. Операциядан кийин ойгонбой 16 күн жатып каза болуп калды. Буга врачтарды күнөлүү деп жатам, бирок жолдошум "вскрытияга" бербей койгон. Врачтын үстүнөн арыз жазсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.12.2022, 18:30
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! Арты кайрылуу болсун, чоң жоготуу экен. Ооба, азыр деле арыз жазсаңыз болот. Арыз жазып, тергөө амалдары баштала турган болсо, кызыңызды эксгумация (көмүлгөн жеринен кайра казып иликтөөгө) кылууга туура келет.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп