// //

“Айыл Банктан” пайызсыз насыя алгысы келгендер үчүн сонун маалымат

2022.12.08, 10:49
1000

“Айыл Банк” 2022-жылдын 8-декабрына карата 1 288 адамга 475 млн. 535 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя берди.  

Пайызсыз насыялоо “Финансылык жардам” кредиттик продуктусунун алкагында ишке ашууда. Максаты – COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризистик шартка каршы чакан жана орто ишканаларга финансылык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Долбоордун шарттарына ылайык, каржылоо эки негизги категория боюнча пайызсыз негизде жүргүзүлөт:

I категория:

  • КРнын Салык мыйзамдарына ылайык иш алып барган ыктыярдуу патенттин же жеке ишкерлерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеген жеке ишкерлерге берилет;
  • Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлер;
  • Кедиттин максималдуу суммасы 1 млн. сомго чейин;
  • Валюта – СОМ.

II категория:

  • КРнын Салык мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеген жеке ишкерлер же юридикалык жактарга берилет;
  • Жылдык кирешеси 30 миллион сомго чейин болгон ишкерлер же юридикалык жактар;
  • Кедиттин максималдуу суммасы 3 миллион сомго чейин;
  • Валюта – СОМ.

Насыянын мөөнөтү: 36 ай (3 жыл).

Насыяны камсыздоо: 250 000 сомго чейин - күрөөсүз, 250 001 сомдон жогору - күрөө талап кылынат.

Талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча суроолор боюнча “Айыл Банктын” аймактык филиалдарынан тактаса болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт