“Айыл Банктан” пайызсыз насыя алгысы келгендер үчүн сонун маалымат
“Айыл Банк” 2022-жылдын 8-декабрына карата 1 288 адамга 475 млн. 535 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя берди.
Пайызсыз насыялоо “Финансылык жардам” кредиттик продуктусунун алкагында ишке ашууда. Максаты – COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризистик шартка каршы чакан жана орто ишканаларга финансылык жардам көрсөтүүгө багытталган.
Долбоордун шарттарына ылайык, каржылоо эки негизги категория боюнча пайызсыз негизде жүргүзүлөт:
I категория:
- КРнын Салык мыйзамдарына ылайык иш алып барган ыктыярдуу патенттин же жеке ишкерлерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеген жеке ишкерлерге берилет;
- Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлер;
- Кедиттин максималдуу суммасы 1 млн. сомго чейин;
- Валюта – СОМ.
II категория:
- КРнын Салык мыйзамдарына ылайык иш алып барган жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде иштеген жеке ишкерлер же юридикалык жактарга берилет;
- Жылдык кирешеси 30 миллион сомго чейин болгон ишкерлер же юридикалык жактар;
- Кедиттин максималдуу суммасы 3 миллион сомго чейин;
- Валюта – СОМ.
Насыянын мөөнөтү: 36 ай (3 жыл).
Насыяны камсыздоо: 250 000 сомго чейин - күрөөсүз, 250 001 сомдон жогору - күрөө талап кылынат.
Талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча суроолор боюнча “Айыл Банктын” аймактык филиалдарынан тактаса болот.