// //

Йоганын кайсы түрү менен машыксам деп башы каткандарга инструкция

2022.12.06, 16:36
597

Салам, достор! Учурда йогага баргандар көбөйүп, ага жараша бул сабактардын түрлөрү дагы арбыды. Бүгүне биз силерге йоганын айрым багыттары жөнүндө маалымат беребиз. Көптөн бери практика кылам деп жүргөн болсоңуз, жардамы тиет. 

Хатха-йога

Бул йоганын эң популярдуу түрү. Хатха-йогада жалпы йога практикасы жасалат, бирок көпчүлүк студиялар жана спорт залдар бул аталышты жайыраак кыймылдар менен бир асанда узакка турган сабактарды сүрөттөө үчүн колдонушат. Хатхайога - жаңы баштап жаткандар үчүн идеалдуу, курактык чектөөлөр жок.

Кундалини

Бул йога практикасы физикалык активдүүлүккө караганда психоэмоционалдык багытка көбүрөөк багытталган. Практика саламдашуу мантралары менен башталып, чоюлууну, шавасананы, медитацияны жана коштошуу мантраларды камтыйт.

Аштанга-йога

Бул йоганын заманбап түрү, абдан динамикалуу. Асандарды үзгүлтүксүз жасайсыз. Мындан тышкары, ар бир кыймылды сезип, дене аркылуу дем алуу агымын көзөмөлдөөгө жардам берген атайын дем алуу техникасы колдонулат.

Айенгардын йогасы

Б. К. С. Айенгар хатха йоганын негизинде өзүнүн автордук багытын ойлоп тапкан. Стиль жөнөкөйдөн татаалга чейин уланат. Машыгууда статикалык позалар үстөмдүк кылат жана Айенгар тарабынан иштелип чыккан пропстар колдонулат: болстерлер, валиктер, ремендер, кирпичтер, планкалар, скамейкалар, отургучтар жана жууркандар. Бул асанда турганда оорутууну алдын алат.

Бикрам-йога

Йоганын бул түрүнүн негизги өзгөчөлүгү - машыгуу жогорку температурадагы (38-40 градус) жана нымдуулуктагы бөлмөдө өтөт. Комплекс хатха йогадан 26 көнүгүү жана эки дем алуу техникасынан турат. Бикрам йога арыктоо үчүн эң натыйжалуу болуп эсептелет.

А сиз кайсы түрү менен машыгат элеңиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт