// //

Бир трубам жок, экинчисинде киста бар. Мен балалуу боло аламбы?

2022.12.05, 11:24
2957

Саламатсызбы! Бир трубам жок, экинчисинде эндометриоиддук киста бар экен. Мен балалуу боло аламбы? Аябай кабатыр болуп, ойлонуп жатам. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.12.2022, 11:25

Элнура Таштемирова 

Акушер-гинеколог 

Саламатсызбы! Экинчи трубаңыздагы кистанын өлчөмүн караш керек. Эгер трубанын өзүндө болсо, аны сөзсуз алдыруу керек. Көбүнчө энелик бездерде болот. Тилекке каршы эндометриоиддук кистаны дары менен дарылоо мүмкүн эмес, өлчөмү кичине болсо дагы, жыштыгы аябай калың болот. Суудан турса кетире алабыз, башка элементтерден турса аны жоготуу мүмкүн эмес. ошондуктан, операция жолу менне алдырып койгонуңар туура. Бойго бүтөт, эгер энелик безди толугу менен каптап кала элек болсо, өлчөмү кичине болсо. Андыктан, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. 

Гинеколог менен инстаграмдан @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт