Бир трубам жок, экинчисинде киста бар. Мен балалуу боло аламбы?
Саламатсызбы! Бир трубам жок, экинчисинде эндометриоиддук киста бар экен. Мен балалуу боло аламбы? Аябай кабатыр болуп, ойлонуп жатам.
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Экинчи трубаңыздагы кистанын өлчөмүн караш керек. Эгер трубанын өзүндө болсо, аны сөзсуз алдыруу керек. Көбүнчө энелик бездерде болот. Тилекке каршы эндометриоиддук кистаны дары менен дарылоо мүмкүн эмес, өлчөмү кичине болсо дагы, жыштыгы аябай калың болот. Суудан турса кетире алабыз, башка элементтерден турса аны жоготуу мүмкүн эмес. ошондуктан, операция жолу менне алдырып койгонуңар туура. Бойго бүтөт, эгер энелик безди толугу менен каптап кала элек болсо, өлчөмү кичине болсо. Андыктан, тезинен дарыгерге кайрылыңыз.
Гинеколог менен инстаграмдан @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланыша аласыз.