// //

19 жаштамын, кантип жашоодон ордумду табам?

2022.11.23, 15:05
3401

Саламатсызбы! Мен жаштыгымдан үй-бүлөмдүн уруштарын көрүп келдим. Азыр жашым 19да, жашоого болгон көз карашым түйүлүп калган. Өзүмө эмне керек өзүм билбейм, өзүмдөн өзүм ыйлап жаман нерселерди ойлой берем. Уктаганда өтмүшүм, кыйынчылык күндөрүм, менин келечегиме көп зыян таасирин тийгизип жатат. Мага кеңеш бериңиздерчи. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.11.2022, 15:07

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы! 

Башыңыздан өткөн оор күндөр, келечегиңизге терс таасир тийгизип жатканын жакшы баамдап билет экенсиз. Бирок ошол эле учурда ыйлап, жаман нерселерди өзүңүз ойлой бергениңиз, сизге канчалык деңгээлде маанилүү? Бул ойлордон улам өзүңүздү таанып, сизге эмне керек экенин билүү, оор турарын белгилеп кетким келет. Андыктан негативдүү ойлордон арылуу зарыл, өз алдынча кыйын болсо психологторго кайрылсаңыз болот.

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarinaa.usupova баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт