// //

Эмне үчүн антибиотиктер ооруну айыктырбайт?

2022.11.21, 13:05
6110

Салам, достор! Аба ырайы сууктап, ооругандар күчөдү. Бул учурда көпчүлүк дарыгерге баргандан эринип, өз алдынча дары иче башташат. Биз бүгүн силерге эмне үчүн өз алдынча дары ичпеш керек экенин айтып беребиз.

- Антибиотиктер - бул бактериялык инфекцияларды дарылоо үчүн колдонулган дарылар. Бактериялык инфекциялардын козгогучтары ар кандай бактериялар, ошондуктан ар кандай антибиотиктер бар. Ар кандай антибиотиктер микробдорго ар кандай таасир этет. Кээ бири микробдорду жок кылса, башкалары алардын өсүшүн жана көбөйүшүн токтотот.

- Антибиотиктерди дарыгериңиз жазып бериши керек! Антибиотиктерди өзүңүзгө өзүңүз жазып берип, өз билемдик кылып ичпеңиз. Адистердин катышуусуз инфекциянын түрүн аныктоо жана туура дары тандоо мүмкүн эмес. Антибиотиктерди кабыл алуу боор менен бөйрөккө катуу таасир этет, андыктан кээ бир дарыларды бир убакта ичүүгө болбойт, алкоголдук ичимдиктерди да алып салуу керек.

- Антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуунун кесепети өтө коркунучтуу. Алар боорго, бөйрөккө, кан түзүүчү органдарга уулуу зыян келтириши мүмкүн, угуу нервинин невритин, аллергияны, тарамыштын үзүлүшүн, кээ бир дарылар менен айкалышып, жүрөктүн оор аритмиясынын өнүгүшүнө алып келет.

- Биздин ичибизде көптөгөн микроорганизмдер жашайт. Алар баланста болсо, биз ден-соолукта болобуз. Бирок антибиотикти себепсиз ичкенде, башкача айтканда, бактериялык инфекция жок болгондо бул тең салмактуулук бузулат. Анткени, антибиотик тандабайт - ал патогендик бактерияны, же таптакыр зыянсызды өлтүрөт. Натыйжада, ар бир мындай дарылоо курсу менен, бул антибиотикке сезгич бактериялардын кээ бирлери өлөт, айырмадыр ага туруктуу бойдон калат. Убакыттын өтүшү менен кийинки жолу жугуштуу ооруга чалдыгып, антибиотик керек болгон учурда,ал  таасир бербей калат.

А сиз ичет белеңиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт