Өзүңөргө гана ишенгиле! Амантур Исмаиловдон кеңеш
Салам достор! Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгени багынткан, кыргыздын сыймыгы болгон спортчу жигит Амантур Исмаилов өз тажрыйбасына таянып, спортчу болом деген жаштарга кеңеш берди. Сактап алыңыз, балким пайдасы тиет.
Ойлонбой машыга бергиле!
Бир ийгиликке жетүү үчүн аракет кыла берүү керек. Менден бир нерсе чыгабы же чыкпайбы деп ойлонуунун кереги жок. Машыгууну уланта берүү зарыл. Ошондо эмгегиңердин үзүрүн көрөсүңөр.
Өзүңөргө гана ишенгиле!
Мен бирөөлөрдөн бир нерсе күтпөйм. Бүт жактан өзүмдү өзүм эле колдойм. Албетте, башкалардын мага болгон ишенимине ээ болуп, жылуу сөздөрүн угуу жагымдуу. Бирок, ошол учурда дагы силер мага беришиңер керек деп талап кылбайм. Бирөөдөн үмүт этпейм.
Спортту тандайм десеңер эмгекчил болгула!
Спортту тандайм деп, бул тармакка келгендер эмгекчил болушу абзел. Бул абдан керектүү сапат. Эмгек менен гана жеңишке жетесиңер. Спортто жалкоолукка орун жок.
Токтобогула!
Бир жеңишке жеткенден кийин болду деп таштап койбогула. Эгерде дагы чоң ийгиликке жетем десеңер, айланаңарга чек койбогула. Алдыга гана умтула бергиле. Ооба, жаракат аласыңар, бул нерсе силерди артка жылдырат. Ошол учурда дагы токтобогула.
Акылдуу болгула!
Акылдуу дегенде мен үч нерсени белгилей кетет элем: адамдын өзүнүн акылы, билимге болгон умтулуусу жана кудайга болгон ишеними. Спортту тандаганда бул үч нерсени чогуу ала жүрүш керек.
Жүрөкчө басканды унутпаңыз.