// //

Тиш имплантаттары тууралуу бул 5 калпка ишенбеңиз

2022.11.07, 15:04
8418

Эмнегедир “имплант” деген сөз кээ бир бейтаптарды чочутат. Балким, фантазия дароо эле темир кыстармаларды же башка ойго келбеген нерсени ойлоп таба калганында болушу мүмкүн. Чынында, имплант - жок тиштин ордун толтурууга мүмкүндүк берген сонун нерсе. Келиңиз, @amaris.kg стоматологиялык клиникасы менен бирге тиш имплантаттары жөнүндө эң көп тараган мифтерди жокко чыгаралы.

Имплантация оорутат

Жок бул андай эмес! Сөөккө имплант орнотуу операциясы оорутпайт. Бул жергиликтүү анестезия астында жүзөгө ашырылат. Анестезия өткөндөн кийин, тиште бир аз гана дискомфортту сезесиз.

Имплантаттар көбүнчө отурукташып калбайт

Бул да миф. Заманбап имплантаттар биологиялык бири-бирине шайкеш келген материалдардан жасалат, аларды организм чочун эмес, өзүнүкү катары кабыл алат. Мындан тышкары, алардын сырткы катмары сөөк менен биригүүнү тездететкидей болуп атайын иштетилген. 

Имплантатты 10-15 жылдан кийин алмаштыруу керек

Практика көрсөткөндөй эконом класстагы имплантаттар 15 жылга жакын, туура кам көрүү менен орто класстагы имплантаттар 25 жылга чейин кызмат кылышы мүмкүн.

Имплантация жаштар үчүн гана, карыларга жасаганга болбойт

Бул уламыш улгайган адамдарда имплантация жасоого сунушталбаган айрым шарттар бар экендигинен улам пайда болгон. Бирок, жалпысынан алганда, жаш имплантат салдырууга каршы көрсөтмө эмес. Бейтап өзүн жакшы сезсе, имплантацияны каалаган куракта жасаса болот.

Бул өтө кымбат!

Көптөр имплантацияны кымбат процедура деп эсептешет. Бирок жыл өткөн сайын имплантация барган сайын жеткиликтүү болуп калды: рынокто эксклюзивдүү кымбат имплантанттар, ошондой эле бюджеттик материалдар бар.

ИМПЛАНТАЦИЯ – тиштерди калыбына келтирүүнүн заманбап жана ишенимдүү ыкмасы. Имплантациядан айыгып кеткенден кийин, сиз убагында тишиңиз жок болгонун унутасыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт