// //

Апалар айткан бул сөздөр, акыр аягы чын болуп чыгат

2022.11.03, 15:30
6254

"Апа коюңузчу!" Апаларыбыз бир нерсе десе, ушинтип айтып калмай жайыбыз бар эле. Ойлоп көрсөк, акыр аягы апалар айткан сөздөр чын болуп чыгат экен. Биз ушундай фразалардын айрымдардын топтодук. 

"Ой, сени ким карамак эле"

Чу, дегенде эле апалардын ушул сөзүнөн баштайлы. Реалдуу жашоодо ар ким өз иши менен алек, биз тууралуу эч ким ойлобойт. Кайдан болосуң, кайда жашайсың, эмнени угасыз, эмне киесиң, кандай окуйсуң, ким менен жолугасың – мунун баары эч кимди түйшөлтпөйт! Убагында бул сөзгө маани бербегенибиз менен, анын чыныгы маанисин түшүнгөндөн кийин жашоо кадимкидей жеңилдей баштайт. 

"Чоңойгонго жетишесиң"

Апалар балалык, окуучулук, студенттик жашоодон ырахат алуу керек деп туура айтыптыр. Чоңойгонго жетишет экенбиз. Ал эми капыстан туура эмес жерде уктап калсаң, эч ким сени көтөрүп барып төшөккө жаткырбайт, ыйласаң эч ким сага оюнчук же таттуу алып бербейт, грамота алсаң эч ким сага акча бербейт ж.б дегендей. Учурдан ырахат алышыңыз керек экен, чоңоюуга ар дайым убактыбыз болот.

"Шапка кийип жүрүш керек"

Бул сөздү ЛОРго барганга чейин эстебейсиң. Сулуулук жылуулуктан жогору экенин, башың же кулагың ооруй баштаганда түшүнөсүң. "Каап, апам  туура айтыптыр" деп бармагыңды тиштейсиң. Анан сумкаңа катып койгон шапкаңды издеп, аны таба албай, үйдүн баарын чачасың.

"Тур жат, эртең турбай кыйнайсың"

Эртең менен тура албай онтолоп жатканда, апалардын ушу сөзү эске келет. Убагында уктоо жана тамактануу баарынан маанилүү экенин апабыз кичинебизден эле айтчу экен. А биз эрте жаткырып койгонуна бултуңдап, кыялыбызды көрсөтчүбүз. Мына эми, режимди сактоо кыйын болгондо, бул фразаны эстейбиз. 

А сиздин апаңыз айткан кайсы сөз чын болуп чыкты?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт