// //

Пост жазууга керек болгон 3 пайдалуу сервис

2022.11.02, 15:29
1402

Салам, достор! Пост жаза албагандардын, жазсаңыз дагы ката кетирип койдомбу деп ойлонгондордун катарындасызбы? Эч кабатыр болбоңуз, баары оңой. Бүгүн биз силерге, социалдык тармактарга кооз пост жазууга жардам берген сервистер жөнүндө айтып беребиз. 

"Главред"

Бул сервис жазган постуңузду таштандылардан тазалоого жардам берет, маалыматтык стилге шайкештигин текшерет. Ошондой эле, сиздин текстиңизди талдап, кээ бир сөз айкаштарын кантип алмаштырса болорун сунуштайт.

@text4instabot (телеграм бот)

Бот посттун тексти үчүн туура абзацтарды коюп берет. Жана ошондой эле текстти борборго жайгаштырып, кызыл сызыктарды коюп, сөздөрдү белгилейт. Жөн гана ага текст жөнөтүшүңүз керек. Калганынын баарын өзү жасайт. 

Wordstat - ачкыч сөздөрдү издөө

Сервис бул сөздү кантип издешкенин жана колдонуучулар колдонгон формулировкаларды көрсөтөт. Бул нерсе кызыктуу темаларды түзүүгө жардам берет. 

Эми буларды колдонуп, пост жазып көрүңүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт