"Айыл Банк" студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатты
2022.11.02, 13:12
745
Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун алкагында «Айыл Банктын» кызматкерлери А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунун окуучулары үчүн электрондук санарип финансылык кызматтар жөнүндө лекция өткөрүштү.
Бул лекциянын негизги максаты - студенттерди санариптик жана финансылык коопсуздуктун негиздери, дистанциялык банкингдин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу.
Иш чаранын соңунда эң активдүү катышуучуларга белектер тапшырылды.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.