// //

Жашоого болгон көз карашты өзгөрткөн классикалык китептер

2022.10.31, 10:48
2071

Салам, достор! Бүгүн биз силерге канча жыл мурун жазылса дагы, актуалдуу бойдон келаткан классикалык чыгармалар менен бөлүшөбүз. Бул китептерди шашпай, түшүнүп окусаңыз, жашоонун маңызын түшүнөсүз. Баса, окуп жатканда жаныңызга таттууларды алып, жылуу жуурканга кирип алыңыз. 

"Воспитание чувств", Гюстав Флобер

Он сегиз жаштагы романтик жигит юридикалык окууга тапшырыш үчүн айылдан Парижге жөнөйт. Фредерик абдан кыялкеч. Жолдо баратып ал бир айымды сүйүп калат. Бечара бул сезими жоопсуз экенин, анын бардык пландарын, ниетин өзгөртөөрүн түшүнө элек.

"Превращение", Франц Кафка

Жыйнакка Кафканын ар кайсы жылдардагы эң белгилүү чакан чыгармалары кирген. Бул жерден кошмарларды, сатиралык аңгемелерди жана миниатюраларды, ошондой эле күндөлүк прозаларды таба аласыз.

"Анжелика", Анн Голон 

"Анжелика" романы - жүрөктөрдү багынткан сулуу Анжелика де Сансе де Монтелунун баш айланткан жоруктары жана анын тымызын күтүлбөгөн окуяларга толгон каприздуу тагдыры жөнүндөгү атактуу тарыхый авантюралык эпостун биринчи бөлүгү.

"Крёстный отец", Марио Пьюзо

"Крёстный отец" - Америкадагы эң күчтүү кылмыш синдикаттарынын бири, Дон Корлеоне мафиялык кланынын жашоосу тууралуу классикалык роман. Кереметтүү китеп окурманга мафиянын жашоосун кароого мүмкүндүк берет.

Сиз кайсы китепти сунуштайсыз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт