// //

Бала тарбиялоого байланыштуу күлкүлүү кеңештер

2022.10.28, 10:57
5765

Айсулуу үч баланын апасы. Ал бизге баянын жөнөттү. Анда балдарды кантип туура тарбиялоону сунуштоого аракет кылган адамдардын эң күлкүлүү кеңештерин эстеп жазыптыр. Балким сиз дагы буларды уккансыз, окуп көрүңүз. 

"Кырк күн баланы эч кимге көрсөтпөй үйдө отур"

Чу, дегенде эле ушул нерседен баштайын. Баланы көрсөтпөй, үйдө бир айдан ашык отурууну элестеткенде эле жүрөк титрейт. Бала, сен, тамак, жалаяк, кайра, жалаяк, тамак, сен, бала. Анан кантип эне депрессияга түшпөсүн. Аз да болсо сейилдеп, дүкөнгө кирип бир нерсе алып, айтор, маанайды көтөрүү керек деп ойлойм. Мен ошенттим. Күйөөмө рахмат, бул үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. 

"Баланы жылуу кийинтүү керек"

Эмнегедир менин апама балам жука кийингендей сезиле берет (күлүп). Үйгө барып калсак эле, "ай, мунуң кантет, ооруйт, алып кел жемпирин" деп баштайт. Бирок, абалмды канчалык жылуу кийинтсем, ал ошончолук кыңкыстап, кыжалат болуп, бат ооручу да болду.ошондо мен, балам өзүмдөй эле кийинет, аны тонналап кийинтүүнүн кереги жок деп чечтим.  Жыйынтык, балам бактылуу, мен бактылуу. 

"Балаңды көтөрбө, колго көнүп калат"

"Колго үйрөтпө, антпесе көнүп калат!". Бирок, кантип колго албай коесуң. Бала бул дүйнөгө жаңы келип, баарына таңгалып жатканда, жалгыз жаткырып коймок белең. Баланы канчалык көп кучактап, өөп, колго алсаң, ал ошончолук сүйүүгө толуп чоңоет. Баланы болушунча көп кучакташ керек. Мээрим албаган бала агрессивдүү болот. Балаң басып калганда, карматпай калат. Ага чейин бир жыл гана убактың бар. 

Сизге эмне дешти эле?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт