// //

Акне тууралуу бул фактыларды билип алсаңыз ашыкча болбос

2022.10.27, 10:46
2387

Салам, достор! Бүгүн бизде кезектеги сонун маалымат. Тактап айтканда, баарыбызга тааныш болгон акне тууралуу кызыктуу маалыматтарды чогулттук. Сактап алыңыз, сөзсүз кереги тиет. 

- Акне майлуу тамактарды ашыкча колдонуудан жана бетке туура эмес кам көрүүдөн пайда болот. Бул себептерден пайда болгон акнени бат эле айыктырса болот. Ошол эле, туура тамактанып, туура кам көрүп дегендей. Кээде бул оору тукум кууп, гормондордун бузулушунан, ички органдардын ооруларынан ж.б. жагдайлардан пайда болушу мүмкүн. Мындай учурда, дарылоо узакка созулат.

- Акне баштапкы стадиясында майда бүдүрчөлөр, сезгенүү сыяктуу болушу мүмкүн, оор стадияларында папула жана пустулаларга өтөт. Эгерде сезгенүү теринин терең катмарларына кирип кетсе, аны бир гана диета менен айыктыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан, өтүштүрүп жибербеш керек.

- Акнеси барлар диетаны кармашы керек - газдалган суусундуктарды, таттууларды, шоколадды жана сүт азыктарын колдонууну минималдаштыруу сунушталат. Анткени алар организмдеги сезгенүүнүн деңгээлин сактап, жаңы жараларды пайда кылышы мүмкүн.  

- Эч качан өз алдынча сыкпаш керек! Анткени бул аракет бактерияларды киргизип жана жаңы сезгенүүнүн пайда болушуна себеп болот.

- Акнеси барлар күндөн коргонушу керек. Ультракызгылт көк нурлануунун ашыкча таасири сезгенүүнү күчөтөт, келечекте алардан арылуу кыйыныраак болот. 30 же андан жогору коргоо коэффициенти бар SPF кремди сүйкөп жүрүү зарыл.

- Жатар алдында терини тазалоону унутпай жана эч качан макияж менен уктабаш керек. Терини эки кадам менен тазалоо зарыл: адегенде бетти макияждан тазалоо анан теринин өзүн тазалап жуу.

А сизде акне барбы жана кантип арылып жатасыз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт