// //

Тишти саргаруудан кутулткан 4 пайдалуу ыкма

2022.10.25, 14:31
9648

Сонун маалымат! "Амарис" стоматологиялык клиникасынын адистери, сары тишти агартуучу кандай ыкмалар экенин айтып берди. Сактап алыңыз, абдан пайдалуу маалымат. 

Тишти өз алдынча агартуу абдан кыйын. Себебин билбей туруп, ар кайсы нерсени жасоо, андан да көп зыян алып келиши мүмкүн. Ооба, агартуучу пасталар, “полоски” же гелдер коопсузураак деңизчи. Бирок, алар стоматологияда колдонулган ыкмалардай эффективдүү эмес.

Air Flow процедуралары

Тиштин өңөрүн кетирген Air Flow процедуралары, лазердик жана ультра үндүк тазалоо. Булар өңөр менен бирге тиштердин бир аз саргайышын да кетирет. Кабатыр болбоңуз, тиштин эмали бузулбайт, агартуу эффекти дагы аз.


Профессионалдуу агартуу

Сары тиштерди стоматологдун кабинетинде гелдердин жардамы менен тазаласаңыз болот. Мындай тиштерди 10 өңгө чейин агарта аласыз.

Винирлер

Эгерде сары тиштерди тазалоого такыр мүмкүн болбосо, аларды жука керамикалык катмарлар менен жабууга болот. Бул учурда винирлер жардамга келет.

Коронкалар

Сары тиштерди коронкалар менен маскалап койгон дагы эң жакшы. Заманбап композициялык материалдар табигый эмалдан айырмаланбайт, бекемдиги да жогору.

Тишиңиз саргайып кеттиби? Эң жакшы кеңеш - стоматологго кайрылуу. Ал себептерин аныктап, тиешелүү дарылоону дайындайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт