// //

Бөбөгүмдү баккан жакпайт. Үйдүн улуулары ой бөлүшөт

2022.10.21, 13:49
4430

Салам достор! Биздин ватсап номерге окурмандардан ар түркүн окуялар келип түшөт. Бүгүн үйдүн улуусу болгондордун ойлорун анонимдүүлүктү сактоо менен чыгарабыз. Эскертүү! Биз эч нерсеге үндөбөйбүз. 

"Апамды сагынып чуркап барсам, түртүп чыгарып койду"

Мектептен үйгө келсем коноктор толтура экен. Апам сиңдимди төрөп келиптир. Сүйүндүм. Көрө элегиме көп болгон. Мени таенем карап жаткан. Чуркап барып кучактайын десем, "акырын баланы ойготосуң" деп акырын бөлмөдөн чыгарып койду. Мени сагынган эмес окшойт. Ээгим титиреп чыкты. 

Мектептен кийин калып ойногум келет

Апам төрөгөндөн бери үйдөн качып калдым. Мектепке эле баргым келет. Жекшембини жаман көрөм. Анткени, сабак жок. Үйдө жалаяк жууйсуң, бала карайсың. Мага бөбөгүмдү баккан жакпайт. Ал дагы ыйлай берет. Кечке көтөрүп жүрүшүң керек. Мектептен кийин калып досторум менен ойногум келет. Бирок үйгө кечигип келсем, атам менен апам урушат. 

"Апам менен атам, мени эмес инимди эле сүрөткө тарта беришет"

Мурда атамдын телефонунда менин сүрөтүм турчу. Азыр инимдики. Иним күлүп койсо деле сүрөткө тарта беришет. Мени сүрөткө тартпай калышты. Апамдын телефону дагы инимдики. "Памяти" жетпей калса, менин мурунку сүрөттөрүмдү өчүрүп коет. 

"Мен деле кичинекеймин го"

Үйдөгү оор жумуштарды мага жасатышат. Сиңдимди аяп турушат. "Ал кичинекей, сен көтөр" деп мага оор жумуш беришет. Мен деле кичинекеймин го. Эмнеге мага мындай дей беришет? Мага үйдүн улуусу болгон жакпайт. 

"Инилүү болгондон бери мени унутуп калышты"

Инилүү болгондон бери апам менен атам мени унутуп калышты. Мурдагыдай эркелетишпейт дагы. Иним кичинекей, аны караш керек, билем. Бирок, мен кээде өзүмдү жалгыз сезип кетем. Мен деле баламын да. Паспорт ала элекмин. Туурабы? Бирок, мага чоң адамдардай мамиле кылышат. Бул мага жакпайт. Мени жакшы көрөм деп айтышпайт. Өзүмдү ашыкча сезем. 

А сизде кандай окуя бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт