// //

Эч качан бирөөнү туурабагыла! Ооматбек Абдыкаровдон кеңеш

2022.10.21, 13:09
2051

Салам достор! ilogos_studio студиясынын негиздөөчүсү, саякатчы жана блогер Ооматбек Абдыкаров ютуб каналыбыздагы "10 кызыктай суроо" рубрикабызда конокто болуп кетти. Маектин урунтуу учурларын төмөндөн окуй аласыз. 

- Азыр бардык нерсе бат өнүгүүдө. Күн сайын жаңы нерселер чыгууда. Ошондуктан, изденгенди токтотпогула.

- Эч качан бирөөнү туурабагыла. Өз стилиңерди таап чыккыла. 

- Баары аракеттен болот. Сүрөт тартканды билбегендер дагы графикалык дизайнер боло алат. Кыла албайм деп кабатыр болбостон, үйрөнө бериш керек.

- Наушникти кулагыма салып, жакшы музыка угуп шаар көчөлөрүндө же табигат койнунда сейилдегенди жактырам. Бул нерсе мага жаңы идеяларды берет, креативдүүлүктү өстүрөт.

- Эмгегиңерди баалаганды үйрөнгүлө. Деңгээлиңерди көтөргүлө.

- Бир орунда тура берсеңер өспөйсүңөр, алдыга кадам таштагыла. 

- Каталарыңарды моюнга алганды билгиле. Мисалы, кээде менде деле баары идеалдуу болбой калат, көп убакыт короткон долбоорум туура эмес болуп калышы мүмкүн. Бул учурда кайрадан баштагандан коркпош керек.

- Ар бир баштаган иштин аягына чыккыла!

Жүрөкчө басканды унутпагыла!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт