"Минтип жүрсөң, сени эч ким күйөөгө албайт!" Кыздардын кыжырын келтирген 5 фраза
Салам достор! Биз бүгүн кыздардын ачуусун келтирген фразаларды топтоп чыктык. Эгер сизде дагы вариант болсо комментарийге калтырыңыз, чогуу талкуулап көрөлү.
"Сени кыз деп коет"
Стулга талтайып отуруп алсаң, машина менен ойноп жатсаң, каткырып күлсөң, катуу сүйлөсөң, тамакты тез-тез жесең, айтор, туура эмес дем алсаң дагы, сөзсүз бирөө жарым жаныңа басып келип, бул сөздү айтат.
"Минтип жүрсөң, сени эч ким күйөөгө албайт"
Жаш балдарды "желмогуз келатат" деп коркутушса, кыздарды өзүнчө дагы "сени эч ким күйөөгө албай коет" деп коркутушат. Кыз өзү эле көп нерсеге жете аларын, унутуп коюшса керек. Баса, күйөө албаса, сенин башка ийгиликтериң бааланбайт.
"Өзүң күнөөлүсүң"
Агрессорду акташып, күнөөнүн баарын кызга жүктөшөт. "Өзүң повод бердиң да" дегенде өчөсүң. Баса, "Куунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деген макалды жамынып алып, жаман иштерди жасагандар канча.
"Эмне "п..." окшоп кийинип алдың"
Кыздын тагдырын гана эмес, денесин, кийимдерин дагы көзөмөлгө алгысы келгендердин сүйүктүү фразасы. Баса, алар кыздын жакындары дагы эмес, кайдагы эле бирөөлөр. Кантип кийиништи айтып, лекция окуп баштаганда, "кийин угам э" деп кетип калган туура болот.
"Окуп эмне кыласың, баары бир күйөөгө тиесиң"
Кыз күйөөгө беришилиш үчүн эле төрөлгөндөй сезим калтырат. Анын жашоосу эркексиз эч нерсеге татыбагандай бааланат. Күйөөгө тийбей жыргап жашап жүргөн айымдарды башкача көз менен карай башташат.
Сизге кайсынысы тааныш экен?