// //

Замандан артта калбайм дегендерге соцтармактагы 5 тренд

2022.10.20, 12:28
1086

Күн сайын социалдык тармакта аудиториянын кызыкчылыгын кармаш үчүн күрөш жүрөт. Контент жаратууда компаниялар жаңы нерселерди ойлоп таап, өзгөчө болууга аракеттенишет. Бүгүн биз силерге, учурда эмнелер тренд болуп жатканын айтып беребиз. Кеттик анда!

ВИДЕОКОНТЕНТ

Контенттердин арасында видео дагы эле биринчи орунда. Азыр адамдар клиптик ой жүгүрөт, аларга узак тексттин же сүрөттөрдүн кереги жок. Бекеринен Stories, Reels, Tiktok абдан популярдуу эмес. "Охват" түшүп кетпесин десеңиз, анда видеого өтүшүңүз керек. 

КӨП КАНАЛДАРГА КАТТАЛУУ

Бул тренд дагы деле актуалдуулугун жогото элек. Бүгүнкү күндө ар кандай соцтармактардын аянтчаларында болуу зарыл. Алардын саны канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Ошол эле киргизип жаткан контентиңиздин же маалыматтарыңыздын сапатына көңүл буруңуз. Бул тренд аудиторияңыз менен тыгыз байланышта болууга жардам берет.

ЖАҢЫЛЫКТАРГА ДАРОО РЕАКЦИЯ БЕРҮҮ

Социалдык тармактарда күн сайын ар түрдүү контент жарыяланып турат. Бирок ошол эле учурда баары тез эле актуалдуулугун жоготуп, унутулуп калат. Сиз актуалдуу жаңылыктарга өз убагында жооп берип турушуңуз керек. Ошондо аудиториянын кызыгуусун сактап, жаңысын тарта аласыз. 

ГЕЙМИФИКАЦИЯ

Геймификация бир эле учурда бир нече артыкчылыктарга ээ: оюн көңүл бурдурат жана көбүрөөк аракетке чакырат, аудиториянын катышуусу жана берилгендик өсөт. Интерактивдүү форматтарды колдонуу менен колдонуучуларды жарнаманы сатып алууга тартса болот. Конкурстар, викториналар жана квесттерге көбүрөөк аудитория реакция берет.

СТИЛЬ

Бул башка көптөгөн блогдордон айырмаланып, аудиториянын көңүлүн бурууга жардам берет. Азыр көбүрөөк чныгы жашоону көрсөтүү популярдуу болуп жатат. Андыктан, идеалдуулуктан кача берсе болот. Өзгөчөлөнүш үчүн өзүңүзгө таандык стиль ойлоп табышыңыз керек. 

Жүрөкчө басып, бөлүшкөндү унутпаңыз, э?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт