// //

Жолдошумду эмес, мурун сүйлөшкөн жигитимди сүйөм. Эмне кылсам болот?

2022.10.19, 15:46
9095

Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын, турмушка чыкканыма бир жыл болду, бир кызым бар. Ата-энем мени зордоп турмушка беришкен. Ушул убакка чейин кыйналып жашап келем, анткени жолдошумду сүйө албай койдум. Мурун сүйлөшкөн жигитимди сүйөм, эмне кылсам болот? Мага кеңеш берип коюңузчу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.10.2022, 15:48

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Сурооңуздун ичинде жооп да камтылган. Кандай кылышты өзүңүз деле билип турасыз. Бирок коркуу сезими кабыл алган чечимиңизди ишке ашырууга тоскоолдук берип жатат. Өзүңүзгө бактылуу болууга уруксат бергенден коркуп жатасыз.

Эм эмне дейт, ата-энем эмне дейт, белгисиздик, ж.б. ойлор кыжаалат кылууда. 

Кандай болгон күндө да, акыркы чечимди сиз кабыл аласыз. Психолог “ажыраш” же “кал, жаша” деп айтпайт. Кабыл алган чечимиңиз үчүн өзүңүз гана жооптуу болосуз.

Мен болгону жакшылап ойлонуп, бардыгын таразалаңыз, деп кеңеш бере алам. Сиз үчүн биринчи орунда эмнелер турат? Сиз жана сиздин бактыңыз же социалдык нормалар жана аларга дал келүү?

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт