Жолдошумду эмес, мурун сүйлөшкөн жигитимди сүйөм. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын, турмушка чыкканыма бир жыл болду, бир кызым бар. Ата-энем мени зордоп турмушка беришкен. Ушул убакка чейин кыйналып жашап келем, анткени жолдошумду сүйө албай койдум. Мурун сүйлөшкөн жигитимди сүйөм, эмне кылсам болот? Мага кеңеш берип коюңузчу?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Сурооңуздун ичинде жооп да камтылган. Кандай кылышты өзүңүз деле билип турасыз. Бирок коркуу сезими кабыл алган чечимиңизди ишке ашырууга тоскоолдук берип жатат. Өзүңүзгө бактылуу болууга уруксат бергенден коркуп жатасыз.
Эм эмне дейт, ата-энем эмне дейт, белгисиздик, ж.б. ойлор кыжаалат кылууда.
Кандай болгон күндө да, акыркы чечимди сиз кабыл аласыз. Психолог “ажыраш” же “кал, жаша” деп айтпайт. Кабыл алган чечимиңиз үчүн өзүңүз гана жооптуу болосуз.
Мен болгону жакшылап ойлонуп, бардыгын таразалаңыз, деп кеңеш бере алам. Сиз үчүн биринчи орунда эмнелер турат? Сиз жана сиздин бактыңыз же социалдык нормалар жана аларга дал келүү?
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.