// //

Дубайдан кантип жумуш тапса болот? 5 керектүү сайт

2022.10.04, 15:32
3177
Салам достор! Бүгүн биз Дубайдан кантип жумуш тапса болот дегендерге жооп таптык. Алар үчүн алдыда пайдалуу 5 сайтты жазып чыктык. Сактап алыңыз, балким жумушка чакырып калышат. 

bayt.com

Бул сайтка кирип, Бириккен Араб Эмиратынын шаарларындагы бош вакансиялар тууралуу билсеңиз болот. Сайт өзү англис жана араб тилинде, бирок орусчага которуу мүмкүнчүлүгү бар.

jobsindubai.com

Бул сайтка кирип, катталып, анан ар кыл тармактагы жумуштарды издесеңиз болот. Жаңы вакансилар башкы бетине чыгып турат.

dubaijobs.net

Бириккен Араб Эмираттарында миңдеген иш берүүчүлөр менен түздөн-түз байланышы бар сайт. Инженерден баштап, сулуулук тармагынан жумуш издегендерге көптөгөн вакансиялар бар. 

dubaicareers.ae

Сайтка кирип гана тим болбостон, тиркемесин дагы жүктөп алып, жүздөгөн мекемелердин бош вакансиялары менен таанышып чыксаңыз болот. 

laimoon.com

Сайтта бош вакансиялар гана эмес, ар кайсы кесиптерге байланыштуу курстар дагы бар. Алгач курсту окуп, анан жумуш из-десеңиз дагы болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт