Кулагыма аппарат тагынгандан бери чүнчүп кеттим. Эмне кылсам болот?
Менин кулагым ооруп, аппарат тагынып калдым. Уялып жүрүп чүнчүп кеттим. Акыркы убактарда адамдар менен сүйлөшкүм келбейт. Эмне кылсам болот?
Үкөй Мураталиева
Назик-Кыз коомдук бирикмесинин жетекчиси
Угуу аппаратын кийип жүргөнүң - бул жашооңду ыңгайлуураак кылган муктаждык. Помада, сөйкө, көз айнек же көйнөк сыяктуу эле, угуу аппараты биринчи кезекте аксессуар болуп саналат. Сен угуучу аппарат тагынсаң, мен алысты көрө албаганым үчүн көз айнек тагынам. Демек, көз айнек жана угуу аппараттары жашообузду ыңгайлуу кылат. Сүйлөшкүм келбейт деп качпай, сураныч, сүйлөй бер. Себеби бул жөндөмдү колдонбосоң, бара-бара жоготуп алышың мүмкүн. Билесиңби, эгер адамдар өздөрүн маданияттуу алып жүргөндү билбесе, мисалы, тигилип карай беришсе, орунсуз суроолорду беришсе, мунун сага эч кандай тиешеси жок, алар өздөрү кандай адам экенин көрсөтүп жатат.