// //

Фейк маалыматтарга ишенип калбаш үчүн буларды билип алыңыз

2022.09.17, 21:53
1633

Учурда өлкөбүздө болуп жаткан оор кырдаалга байланыштуу интернетте ар түркүн жаңылыктар чыгып жатат. Алардын арасында провокацияны пайда кылуу максатында жазылган фейктери да жок эмес. Чагымчылдардын курмандыгы болуп, фейк маалыматтарды чындыкка алмаштырып албаш үчүн буларды билип алыңыз.

Жаңылыктын темасын гана эмес, ичин дагы окуп чыгыңыз

Темалар аябай катуу коюлганы менен ичиндеги маалыматтар менен дал келбей калышы мүмкүн. Андыктан темасын окуп, сүрөттөрүн көрүп гана тим болбостон, эринбей ичине кирип аягына чейин окуп чыгыңыз.

Жаңылык чыккан сайты иликтеңиз

Көп учурда фейк сайттар популярдуу сайттарга жамынып, дизайнын көчүрүп, даректин орфографиясын бир тамга менен өзгөртүшү мүмкүн. Андыктан сайт жөнүндө бардык маалыматты тактап чыгыңыз.

Жаңылык канча жерге чыкканын текшериңиз

Бир маалымат бир канча сайтка жана булактарга чыгышы керек. Мисалы, мамлекеттик, көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына дегендей. Эң аз дегенде үч булакта жарыяланган болсун. 

Ким бөлүшкөнүн караңыз

Социалдык тармактардагы жаңылыкты ким бөлүшкөнүн караңыз. Эгер кандайдыр бир жаңылык же сүрөт миллиондогон колдонуучулар тарабынан социалдык тармактарда бөлүшүлсө, бул анын чын экенине кепилдик бербейт. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, адамдар чыныгы жаңылыктарга караганда жасалма жаңылыктарды көбүрөөк бөлүшөт. Ошондуктан булагын караңыз.

Жаңылыктын ичиндеги фактыларды караңыз

Маалымат өз ичине видео, сүрөт, окуя болгон жер, убактысы, укук коргоо органдары сыяктуу расмий өкүлдөрдүн, күбөлөрдүн комментарийлери ж.б. болушу керек. 

Котормолордун түпнускасын текшериңиз

Эгер чет элдик булактан алынган материалдын котормосу болсо, түпнускасын текшериңиз. Котормо жаман ниет менен же туура эмес чечмелениши мүмкүн. Анын үстүнө, туура эмес чечмелөө атайылап жасалышы мүмкүн.

Бул маалыматты башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт