Ата-энемдин уруксаты жок Россияга кете аламбы?
2018.02.13, 12:24
1096
Жашым 17де, менин паспортум бар жана жакында чет жакага чыкчу паспорт дагы алам. Ата-энемдин уруксаты жок Россияга кете аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.02.2018, 12:26
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматы
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өспүрүм 18 жашка чакканда гана бой жеткен адам болуп эсептелинет. Ал убакка чейин бала толугу менен ата-энесинин карамагында болот. Сиз ата-энеңиздин уруксаты жок Россияга кете албайсыз. Алардын нотариалдык жактан тастыкталып, берилген уруксат кагазы менен гана чет өлкөлөрго чыга аласыз.
0
Пайдалуу жооп