Кредитти төлөш үчүн Россияга чыксам, чек арадан өткөрөбү?
2022.08.11, 14:30
2247
Саламатсызбы! Банктан кредит алганбыз. Аны убагында төлөй албай калдык. Эми төлөш үчүн Россияга чыксак болобу? Чек арадан өткөрөбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.08.2022, 14:33
Бектур Базарбай Уулу
"Айыл Банктын" Бишкек филиалы кредит бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы! Чет өлкөгө чыга берсеңиз болот, банк бул нерсеге тыюу сала албайт. Эң негизгиси убагында кредитти төлөп турушуңуз керек. Эгер төлөбөсөңүз банк сотко берет. Бул учурда көйгөй пайда болот. Ал эми кечиктирсеңиз туум кошулуп, айып пул салынат. Мындай учурда кредиттик тарыхыңыз бузулуп калат дагы, кийин кредит алуу кыйын болот.
0
Пайдалуу жооп