Кулчулук аң-сезимдин белгилери
Россия Кыргызстан, Казакстан, Украина өңдүү өлкөлөрдү дагы деле өз колониясы санаганын жана Советтер Союзун кайра куруу ниетин азыр кыйыр да, ачык да түрдө байма-бай айтып жатат. Бул билдирүүлөр эки миңинчи жылдардан бери далай айтылып келет. Бирок азыр Украинага болгон кол салуунун фонунда абдан кооптуу болуп турат. Андан дагы кооптуусу – эгемендүү Кыргыз мамлекетинде “орустарга эле кошулуп кетбейлиби” деген кулчулук аң-сезимдеги жарандардын болуусу. Эмне үчүн айрым кыргызстандыктар дагы деле өткөн доорду тамшануу менен эскерип, эби келсе ал жакка кайткысы келип, “орустар болбосо оокатыбыз жүрбөйт” деп өздөрүн алсыз сезишет. Кептин төркүнү кулдук аң-сезимде. Бул видеодо кулдук аң-сезимдин кубулуштарын карап көрөбүз.