Жигиттин бою кыска, кыздыкы узун. Экөө үйлөнсө төшөктө көйгөй болбойбу?
Саламатсызбы! Мен айыммын. Бир суроо бергим келди. Жигит менен кыздын ортосунда жакшы мамиле бар, бири-бирин жакшы көрүшөт. Бирок, кыздын бою жана салмагы эркектикинен чоңураак. Үйлөнгөндөн кийин төшөктө кандайдыр бир физиологиялык жана психологиялык дискомфорт болушу мүмкүнбү? Айталы, кызды кумарга батыра албай дегендей. Адамдардын сөздөрү кыжалат кылып жатат.
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Сиздин сурооңуздан олуттуу бир көйгөйдү көрө алган жокмун. Эгер жигиттин бою өтө эле кыска жана жыныс мүчөсү дагы ага окшоп кичинекей болуп калса, андрологго бир келип текшерүүдөн өтүп койсун. Эч кандай маселе жок болсо, анализдер жыйынтыгы жакшы чыкса, анда баары сонун. Элдин сөзүнө маани берип, кыжалат болбой эле койгула.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.