// //

Кулагым жакшы укпайт

2018.02.12, 15:49
1040

 

Мен 13 жаштамын. Көйгөйүм сол кулагым анча укпайт, наушник менен музыка уксам кулагым чырылдап ооруп кетет. Дарыгерлер тарсылдак деп коёбу ошол жарылып калган деп айткан. Кулагымды кантип айыктырсам болот? Керең болуп каламбы деп ыйлап, көп ойлоно берем.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.02.2018, 15:51

Чолпон Бейшеева

Отоларинтолог

 

Сиздин ыйлай бергениңизден эч кандай пайда чыкпайт. Андан көрө сиз ата-энеңизге же жакындарыңызга айтып дарыгер отоларинтологго же лорго тезинен кайрылыңыз. Сизди көрбөй туруп бир нерсе деп айтууга болбойт жана мүмкүн дагы эмес. Биз сизди сөзсүз түрдө текшерип, аудиограмма жасашыбыз керек. Наушник укпай турганыңыз эле жакшы болот. Тарсылдагы жарылып кетсе тезирээк дарылоо курсун албасаңыз, укпай калуу корунучу бар. Андыктан өзүңүздү колго алып, ден соолугуңуз үчүн тезинен бейтапканага барыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт